Айыбын (күнөөсүн) моюндап келүү
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АЙЫБЫН (КҮНӨӨСҮН) МОЮНДАП КЕЛҮҮ – кылмыш жасаган кишинин ал тууралуу тергөө, прокуратура органдарына, сотко өзүн сот адилеттигинин колуна тапшыруу ниети менен өз ыктыярдуу келүүсү. КР кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарында А. м. к-сү кылмыш-жаза ишин козгоонун бир жүйөсү болуп саналат жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуунун атайын түрүн колдонуу үчүн кызмат кылышы мүмкүн. Айыпкер өзүнүн кылмышы ашкереленерин күн мурунтан билип келген учурларда, А. м. к-нү жеңилдетүүчү жагдай катары кароого болбойт.